Жапаров элди Туу күнү менен куттуктап, чакырык таштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Жапаров кыргызстандыктарды бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албан-албан чоң ийгиликтерди жаратууга чакырды.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
"Өлкөбүздүн эгемендиги менен эркиндигин айгинелеп турган мамлекеттик туубуз улуу кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун чагылдырып турат. Эзелтеден эле элибиз кызыл туунун астында бир муштумдай биригип, өз алдынча мамлекет, өз алдынча эл болууга умтулуп, намысын бийик кармап келишкен", — деди Жапаров.
Куттуктоодо туу ар бир кыргызстандык жарандын, айрыкча, жаштардын Ата Мекенге болгон атуулдук ыйык сезимин, патриоттук духун көтөрүп, мекенин сүйүүгө түздөн-түз идеологиялык кызмат аткарып жатканы айтылат.
"Бүгүн дагы ата-бабаларыбыздын салтын улай өлкөнүн келечеги үчүн бир туунун астында биригип, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара" албан-албан чоң ийгиликтерди жараталы. Эрдиктин, тайманбастыктын символу болгон туубуздун кызыл түсү эзели оңбосун, бакубаттуулукту, байыркы кырк уруунун биримдигин чагылдырган күн нурлары эч качан өчпөсүн, ал эми элибиздин ынтымагынын белгиси болгон түндүгүбүз түшпөсүн", — деген Жапаров.
Кыргыз Республикасынын герби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2016
Кыргызстандын герби тууралуу кызыктуу 10 факты
Мамлекеттик туу Кыргызстандын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Аны Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдон турган авторлор иштеп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Жаңылыктар түрмөгү
0