ЖК комитетинде референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Референдум" деген жазуусу бар бюллетендердин кутучасы. Архив
Референдум деген жазуусу бар бюллетендердин кутучасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Депутат Бактыбек Турусбеков референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна кошуп өткөрүүнү демилгеледи.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды.
Азыркы тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жаңы Конституциянын долбоорун карап жатат.
Жыйында ЖК депутаты, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков баяндама жасап, референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна кошуп, 11-апрелде өткөрүүнү колдоп берүүнү өтүндү.
Депутат Кожобек Рыспаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Рыспаев: бул Конституцияны эч ким өзгөртө албайт экен, кайра башынан жазалы
Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган. 
Ал эми 17-февралда жаңы Баш мыйзамды демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0