Министрликтер тыгыз кызматташат. Жапаров Казакстанда кол койгон документтер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол койду
Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Эки өлкөнүн улуттук спортунун түрлөрүн, элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга жана башка документтерге кол коюлду.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кол коюлган документтер:
  • эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
  • 2021-жылга карата эки мамлекеттин Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык иш-чараларынын планы;
  • 2021-2022-жылдарга карата өлкөнүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен коңшу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын планы;
  • 2021-2022-жылдарга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасы;
  • Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министринин жана Казакстандын энергетика министринин, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин электр энергиясын алмашуу жөнүндө протоколу.
Жаңылыктар түрмөгү
0