Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАткаминер портфель менен. Архив
Аткаминер портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Сапарбаевдин облустук администрацияда иштөө тажрыйбасы бар. Ал 2008–2010-жылдары Нарын облусунун жетекчисинин орун басары болгон.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарын жамаатка тааныштырууга жетишти.
Сапарбаев 2008–2010-жылдары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 2012-2014-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0