Жапаров: бала кезде Брежневдей болом деп кыялданчумун

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Казинформ" агенттигине берген маек учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казинформ агенттигине берген маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы мурдатан эле президент болуу максаты бар экенин, бирок качан ишке ашарын билбегенин ачык айткан.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бала кезде СССРдин башчысы Леонид Брежневдей болууну кыялдангам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Сөз башында эле журналист мамлекет жетекчисинен "жарым жыл мурун кыргыз элин башкарам деп ойлодуңуз беле?" деген суроо узаткан.
"Жарым жыл мурун эле эмес, эгер чынын айтсам, ата-энем КПССтин съездин көрөт эле. Бир тууган эжем Жогорку Кеңешке депутат болчу, КПССтин съезди болгон сайын Москвага кетчү. 4-5-класста болсо керек, мен дагы ата-энеме кошулуп кызыгып телевизор көрөр элем. Брежнев сүйлөп жатса, мен дагы Брежневдей болом дечүмүн. Ичимде ушундай кыялым болгон", — деп жооп берди ал.
Ошондой эле ал мурдатан эле президент болуу максаты бар экенин, бирок качан ишке ашарын билбегенин кошумчалаган. Мындан тышкары, кан төгүүгө жол бербей, тынчтыкты сактап калганына сүйүнөрүн билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0