Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат

© AP Photo / Greg BakerТүркия жана Кытай желектери. Архив
Түркия жана Кытай желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Жапаров президент болуп шайлангандан кийин аны биринчи болуп Касым-Жомарт Токаев чакырганын белгиледи.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде жакында Кытай жана Түркия мамлекеттерине иш сапар менен бара турганын билдирди.
Маек учурунда ал Астанага болгон сапары тууралуу айтып, андан соң Өзбекстанга баруусу 11-12-мартка белгиленгенин маалымдады.
"Президент болуп шайлангандан кийин мени биринчи болуп Касым-Жомарт Кемелович чакырган, мен келүүгө убада бергем. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстанга биринчи келип жатканымдын себеби дагы ушул. Экинчиден, биз, казактар жана кыргыздар — бир тууган, коңшу өлкөбүз. Андан кийин Өзбекстан, Кытай, Түркия өлкөлөрүнө барам. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди жогорку деңгээлге жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатыбыз ушундай", — деди Жапаров.
Ал эми Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей турган чоң маселе барбы деген суроого андай жагдай жок экенин, майда көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен чечсе болорун айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0