Садыр Жапаров эртең Казакстанга барып кимдер менен жолугары белгилүү болду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOИнаугурация президента КР Садыра Жапарова
Инаугурация президента КР Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Жапаров коңшу өлкөнүн биринчи адамдары, тунгуч президенти жана ишкерлери менен жолугушары күтүлүүдө.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчы коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы белгиленди.
"Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз", — деп белгиледи Дүйшекеев.
Мындан сырткары, Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушары күтүлүүдө.
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0