22:16 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
0 0

2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Ак үйдү оңдоп-түзөөгө 300 миллион сомдон ашык жумшалган. Бул каражат өлкө казынасынан алынган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Октябрь окуяларынан кийин Ак үйдү калыбына келтирүүгө 19 миллион сом коротулуп, акчаны депутаттар өз чөнтөгүнөн чыгарышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдагы башаламандык учурунда талкаланган имаратты калыбына келтирүү үчүн эл өкүлдөрү айлык акысынан 9 миллион сом которушкан. Андан кийин дагы каражат чогултушуп, парламенттин аппаратынын ишин камсыздоо үчүн керектелүүчү техника сатып алышты. Жыйынтыгында жалпысынан 19 миллион сомдон ашыгыраак акча кеткен.

"2010-жылы Ак үйдү оңдоп-түзөө иштерине 120 миллион, техникалык жабдууларга жана эмеректерге 180 миллион сом жумшалган. Бул каражаттын бардыгы мамлекеттин эсебинен алынган. Ал эми октябрь окуясында талкаланган имаратты калыбына келтирүү үчүн жалпысынан 19 миллион сомдон ашуун гана каражат кетти. Мунун баарын эл өкүлдөрү өз айлык акысынан которушту. Өлкө бюджетинен эч кандай каражат бөлүнгөн жок", — деди Мамытов.

Төрага мындай кадам менен VI чакырылыштын депутаттары жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын кошумчалады.

Тема боюнча

Чуркап, жаңылып, кайра-кайра добуш берген депутаттар. Парламент жыйынынан видео
5-октябрда жабыркагандар Жээнбековду жоопко тартууну талап кылууда
Белгилер:
оңдоп-түзөө иштери, башаламандык, каражат, Ак үй, Талант Мамытов

ЭҢ МААНИЛҮҮ