Кыргызстандын армиясы россиялык С-300 системасын алмай болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүС-300 зениттик-ракеталык система. Архив
С-300 зениттик-ракеталык система. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Россия берген аскердик техника Кыргызстандын коопсуздугу менен катар эле ЖККУнун тышкы чек араларын да коргомокчу.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстанга жакында С-300 зениттик-ракеталык система жана сокку уруучу пилотсуз аппараттарды алып келүү боюнча келишим түзүлдү. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы туурасында айтып берип жатып маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
"Маанилүү учурлар аскердик-коргонуу боюнча кызматташууну улантуу жаатында болду. Тагыраагы, жакынкы аралыкта С-300 зениттик-ракеталык система менен пилотсуз башкарыла турган аппараттар алып келинмекчи. Бул Россиянын Кыргызстан жана ЖККУнун тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү салым болот", — деген Байтерек.
Маалымат катчы аталган техника Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө берилерин айтып, так саны белгисиз экендигин кошумчалады.
Буга чейин Россия менен Кыргызстандын коргоо ведомстволорунун башчылары пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0