Москвада Казакбаев менен Лавров жолугуп, 4 документке кол коюлду

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушу
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча пикир алмашты.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
© Фото / пресс-служба МИД КРБүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту
Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту
© Фото / пресс-служба МИД КРБул тууралуу ТИМден билдиришти
Бул тууралуу ТИМден билдиришти - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу ТИМден билдиришти
1/2
Бүгүн, 25-февраль күнү, Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту
2/2
Бул тууралуу ТИМден билдиришти
Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюшкан:
  • КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандагы идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатында Россия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • КР Коргоо министрлиги менен РФ Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргызстандын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу жөнүндө протокол;
  • КР менен РФтин 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
  • КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен РФ Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Жаңылыктар түрмөгү
0