Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Владимир Путин Кыргызстан коронавирус илдетинин жайылуусун ооздуктоодо, жуктургандардын санын азайтууда алгылыктуу иш алып барганын белгиледи.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россия Федерациясы Кыргызстанга мындан ары дагы колдоо көрсөтөт. COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө дагы жардам бермекчи. Бул тууралуу Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Кыргызстанга эпидемия менен күрөшүүдө жардам берип жаттык. Сиздер илдеттин жайылуусун ооздуктоодо, жуктургандардын санын азайтууда алгылыктуу иш алып барганыңыздарды белгилегим келет", — деди Путин.
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео
Ал ошондой эле бул багытта кошумча чара көрүү керектиги боюнча кыргыз тараптын каалоосун Россия билерин айтты.
"Колдон келген бардык аракетти жасайбыз. Сиздерди мындан ары дагы колдойбуз", — деди Путин.
Жапаров чет өлкөгө болгон биринчи сапарын Россияга жасады. Ал бүгүн өкмөттүк делегация менен Москвага барган.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0