Кремль Путин менен Жапаровдун жолуга турганын жарыялады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кызыл аянты. Архив
Москвадагы Кызыл аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
24-25-февраль күндөрү президент Садыр Жапаров Россияга жумушчу иш сапары менен барары күтүлүүдө. Бул жаңыдан кызматка киришкен өлкө башчынын чет өлкөгө болгон алгачкы визити.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 24-февралда Москвада Владимир Путин менен КР президенти Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү болот. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
"Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө Россия-Кыргызстан кызматташтыгы тууралуу сөз болору пландалууда. Ошондой эле Евразия интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо каралып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 24-25-февраль күндөрү президент Садыр Жапаров Россияга жумушчу иш сапары менен барары күтүлүүдө. Бул жаңыдан кызматка киришкен өлкө башчынын чет өлкөгө болгон алгачкы визити. Учурда Жапаров жана делегация мүчөлөрү обочолонуу режиминде иштеп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0