Казакбаев: президент Россияга барганда газды арзандатуу маселеси талкууланат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖогорку басымдагы газ түтүгү. Архив
Жогорку басымдагы газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Кыргыз тарап аталган маселени буга чейин бир нече ирет жогорку деңгээлдеги жолугушууларда көтөрүп келген.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жаратылыш газына болгон тарифти арзандатуу кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн негизги темаларынын бири болот. Бул туурасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Россияга иш сапары тууралуу берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө көгүлтөр оттун баасы төмөндөгөндүктөн "Газпром" компаниясынын Кыргызстанга койгон тарифин арзандатуу маселеси күн тартибине киргизилген.
Ошону менен бирге эсептөөлөрдү доллар менен эмес, улуттук валютада жүргүзүүнү сунуштай турганын айтты.
"Кыргыз тарап аталган маселени буга чейин бир нече ирет жогорку деңгээлдеги жолугушууларда көтөргөн. Маселе азыркы күнгө чейин ачык бойдон турат, сүйлөшүүлөрдү дагы да улантуу зарыл", — деди Казакбаев.
Мындан сырткары, министр "Газпром" компаниясына Бишкек ТЭЦин жаратылыш газына өткөрүүнү биргеликте ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0