Садыр Жапаров Россияга барганда Евразия фондунан 100 млн. доллар кредит сурайт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАмерика доллар купюралары. Архив
Америка доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Министр реформа баштоо үчүн өлкөдө, анын ичинде экономикалык жана социалдык тармактарда туруктуулук болушу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алуу боюнча сүйлөшөт. Бул туурасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев журналисттерге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кредитти жеңилдетилген шартта алуу каралып жатат.
"Аталган фонддун каржылоосу экономиканы, социалдык секторду колдоо, каржылык тобокелчиликтерди жоюу жана макроэкономиканы турукташтыруу үчүн антикризистик чараларды жүзөгө ашырууга жардам берет. Реформа баштоо үчүн өлкөдө, анын ичинде экономикалык жана социалдык тармактарда туруктуулук болушу керек. Ошондуктан биз үчүн бул жардам өтө маанилүү", — деди Казакбаев.
Мындан сырткары, министр мурда макулдашылган келишимдерге ылайык, Россия тараптан жыл сайын социалдык-экономикалык долбоорлор жана экономиканы бир жолго салуу багытында гранттар бөлүнүп турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0