Садыр Жапаров Россия менен эриш-аркак жылын узартууну сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Өлкө башчысы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле жөнүндө макала жазды. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кылымдарды карыткан мамиле тууралуу сөз болот.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Россия менен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуштаганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Бул тууралуу пикирин Садыр Жапаров өзүнүн "Союздук байланыштар. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын байланыштары тууралуу" жөнүндөгү макаласына жазган. Тексти президенттин сайтына жарыяланды.
"Көп улуттуу Кыргызстандын элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Россиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем", — деди Жапаров.
Ал "2020-жыл — Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы" деп жарыяланганы менен пандемияга байланыштуу көпчүлүк иш-чаралар онлайн өтүп калганын белгилеген. Иш-чаранын жабылыш аземи 2021-жылга пландалган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0