Жапаровдун сапарына даярдык. ТИМ башчысынын орун басары Москвага барды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Россия ТИМ башчысынын орун басары Андрей Руденконун ортосунда ТИМ аралык консультациялар болду
Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Россия ТИМ башчысынын орун басары Андрей Руденконун ортосунда ТИМ аралык консультациялар болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Жолугушуу 18-февралда Москва шаарында өтүп, тараптар эл аралык жана регионалдык негизги маселелер боюнча пикир алмашышкан.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Россия ТИМ башчысынын орун басары Андрей Руденконун ортосунда ТИМ аралык консультациялар болду. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу 18-февралда Москва шаарында өтүп, тараптар эл аралык жана регионалдык негизги маселелер боюнча пикир алмашышкан.
Аны менен катар жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаровдун Россияга боло турган алгачкы иш сапары тууралуу маселелер тыкыр талкууланган.
"Үстүбүздөгү жылга саясий жана маданий, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылындагы иш-чаралардын графиги белгиленди. Соода-экономикалык, энергетика, туризм, маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү жана башка тармактарда кызматташтыкты арттыруу үчүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү, анын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин жолдору талкууланды. Тагыраак айтканда, "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси ортого салынды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле делегация башчылары экономика, айыл чарба, өз ара соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперациясы жаатында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелерин караган.
Жаңылыктар түрмөгү
0