Ташиев: эртеңден баштап чоң-чоң аткаминерлер камалат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУКМК трагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК трагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
УКМК төрагасы кайсы аткаминерлердин камакка алына турганын ачыктаган жок. Ал мамлекеттин байлыгын уурдоо түшүнүгүнөн арылууга убакыт келгендигин айтат.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Эртеңден баштап бир нече аткаминер камалат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары менен жолугушууда билдирди.
Ал мамлекеттин байлыгын уурдайм деген түшүнүктөн арылууга убакыт келгендигин баса белгиледи.
"Мен бүгүн эле Германиядан келип, бир сааттан кийин бул жакка келдим. Саат төрттө учуп кетебиз. Барып эле Садыр Жапаров менен жолугуп сиздер боюнча толук маалыматтарды айтып берем. Эртеңден баштап көрөсүздөр, бир нече чоң-чоң аткаминерди камакка алабыз. Себеби алар элдин канын соруп бүтүшкөн. Жөнөкөй адамдарга тийбейбиз. Мындан ары эч кимдин коррупция кылам деген оюна да келбеши керек", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал жарандарга кайрылып, кимде-ким коррупциялык көрүнүштөргө күбө болсо маалымат берүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0