Буйрук бергенге гана көнгөн. Марипов Монополия менен күрөшүү агенттигин сындады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов
Премьер-министр Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Өкмөт башчы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип калганын айтып, бааны жөнгө салуу боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырмаларды берди.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов социалдык маанилүү товарларга карата баалардын жогорулагандыгына байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн малалымат кызматы кабарлады.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов социалдык маанилүү товарларга карата баалардын жогорулагандыгына байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды
Премьер-министр Улукбек Марипов социалдык маанилүү товарларга карата баалардын жогорулагандыгына байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Улукбек Марипов социалдык маанилүү товарларга карата баалардын жогорулагандыгына байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүп, бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо экенин билдирди
Өкмөт башчы азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүп, бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо экенин билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Өкмөт башчы азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүп, бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо экенин билдирди
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы андан ары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип калганын айткан.
Өкмөт башчы андан ары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип калганын айткан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өкмөт башчы андан ары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип калганын айткан.
1/3
Премьер-министр Улукбек Марипов социалдык маанилүү товарларга карата баалардын жогорулагандыгына байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды
2/3
Өкмөт башчы азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүп, бардык тийиштүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо экенин билдирди
3/3
Өкмөт башчы андан ары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип калганын айткан.
Өкмөт башчы азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүп, бардык тиешелүү ведомстволордун милдети азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо экенин билдирди.
"Бүгүнкү күндө активдүү талкууланып жаткан темалардын бири азык-түлүктүн негизги түрүнө карата баалардын өсүүсү болууда. Буга байланыштуу көптөгөн жарандар тигил же бул азык-түлүктөрдү алуудан баш тартууга аргасыз. Бул маселе өкмөттүн деңгээлинде бир нече ирет талкууланып, кандайдыр бир чечимдер кабыл алынган. Бирок абал татаал бойдон калууда, күн сайын эт, өсүмдүк майы, жумуртка жана башка товарлар кымбаттап жатат. COVID-19 пандемиясы өз таасирин тийгизип жаткандыгы түшүнүктүү, бирок актануудан ишке өтүү керек. Комплекстүү чечимдерди, превентивдүү чараларды кабыл алып, баалардын өсүшүнө ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу зарыл", — деди Марипов.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы төрт айда өсүмдүк майы 33 сомго жогорулаган жана бүгүнкү күндө чекене баа боюнча майдын 1 литри 134 сом турат. Эттин бир килограммы орточо 435 сомго дейре жогорулап, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 124 сомго кымбаттаган.
Өкмөт башчы андан ары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип калганын айткан.
Киши дүкөндө суу май тандап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Премьер-министр Марипов азык-түлүктү арзандатуунун төрт жолун айтты
"Ведомствонун аталышы айтып тургандай, сиздер социалдык маанилүү товарларга карата бааларды кармоо маселесинде олуттуу ролду аткарышыңыздар керек. Иш жүзүндө сиздер мониторинг жана фактыларды тизмектөө менен гана чектелип жатасыздар. Агенттиктин жетекчилиги рыноктогу жана дүкөндөгү реалдуу абал кандай экенин билбейт. Ыңгайлуу орундукта отуруп, буйрук бергенге гана көнүшкөн. Бул тажрыйбаны токтотуу керек. Мен өзүм кээде базарларга барып, тамак-аш азыктарына карата бааларга көз салып турам, жарандардын нааразычылыгын жакшы түшүнөм", — деп белгиледи өкмөт башчы.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министр мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди:
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги биринчи муктаждыктагы продуктуларга карата бааны жөнгө салуу үчүн ири жеткирүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүүсү;
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү социалдык маанилүү товарлардын баасына күнүмдүк талдоо жана мониторинг жүргүзүүсү;
Бишкек, Ош шаарларынын жана республиканын башка ири шаарларынын мэриялары Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте тамак-аш азыктарына карата туруктуу баа коюлган ар жумалык айыл чарба жарманкесин өткөрүү боюнча тутумдуу ишти уюштуруусу.
Жаңылыктар түрмөгү
0