Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышууга арыз берген партиялар. Тизме

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКиши бюллетенди урнага салып жатат. Архив
Киши бюллетенди урнага салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Буга чейин шайлоого катышууга эки партия ниетин билдирген, бүгүн аларга дагы бешөө кошулду. Арыздар 2-мартка чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Саясий жети партия Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышууга ниетин билдирип, калаадагы аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз берди. Бул тууралуу АШК башчысы Кайрат Маматов кабарлады.
Буга чейин "Жашылдар партиясы" менен "Ыйман Нурунун" өз депутаттарын шаардык кеңештен көрүүгө ниеттенип жатканы айтылган.
Бүгүн төмөнкү беш партия арыз таштаган:
  • "Легалайз";
  • "Ата Мекен";
  • "Эмгек";
  • "Бүтүн Кыргызстан";
  • "Улуу Журт".
Партиялар шайлоого катышуу үчүн 1-март саат 23:59га чейин арыз берип жетишип калышы керек. Бишкек шаардык кеңеши менен 447 жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелде өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0