Садыр Жапаров: жаңы Конституция кабыл алынса, үч күч бир тартипке түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Жазылуу
Өлкө башчы Садыр Жапаров казынадагы акчаны үнөмдөө үчүн референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болорун да белгилеген.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жаңы Конституция кабыл алынса президент, парламент жана өкмөт баштаган негизги үч күч бир тартипке түшөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 13-февралда, "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
Журналист ага "Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Сын пикир айткандар да жок эмес. Качан элдин добушуна коюлат?" деген суроо узаткан.
"Албетте, сын пикирлер айтылбай койбойт. Беш кол тең эмес. Бирок бул башаламан башкарууга чекит кое турган Конституция болду. Бүгүнкү кадрдык башаламандыктар, ызы-чуулардын баары азыркы иштеп турган Баш мыйзам менен байланыштуу. Бүгүн парламент, өкмөт, президент деген үч күч бар. Жаңы Конституция кабыл алынса, баары бир тартипке түшөт. Бизде "тартип болбой эле койсун" деген күчтөр бар. Ошолор элди дүрбөтүп, "кокуй эле кокуй, мындай болуп калды, кокуй эле кокуй, тигиндей болуп калды" деп элди адаштырганга аракет кылып жүрүшөт. Кемчиликтер болбой койбойт. Болсо дароо оңдоп кетип жатабыз. Иштебеген киши жаңылбайт дейт. Эң негизгиси мамлекеттин жалпы кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык чоң иштерде жаңылбасам болду. Ички майда-чүйдө пикир келишпестиктер, кадрдык кемчиликтер өз убагы менен бүтөт. Трагедия кылыштын кереги жок", — деген Жапаров.
Ал жазга чукул чоң иштер башталарын да билдирген.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жапаров чуулуу кырдаалдар боюнча маек берди. Президенттин сөзүнөн тезистер
"Конституция элдин добушуна 11-апрель - жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген үмүтүбүз бар. Аны Жогорку Кеңеш алып чыгышы керек. Жергиликтүү кеңеш менен бирге өткөрсөк каражат үнөм болот. Казынадан ашыкча акча кетпейт. Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болот", — деген өлкө башчы.
Эске салсак, жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам боюнча, Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун колдоп же четке кагып, эгер жактырылса, референдум дайындашы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0