Ош милициясынын жетекчиси Мурат Боронов иштен кетти

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мурат Боронов. Архив
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мурат Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Мурат Боронов Ош милициясын 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген. Ал башка аймакка которулду.
БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мурат Боронов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ИИМдеги ишенимдүү маалымат булагы кабарлады.
Маалыматка караганда, Боронов Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. 
Ал Ош милициясын 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0