БИШКЕК, 12-фев. – Sputnik. Арзыбек Бурканов бир дагы кадрды мага алып келген жок. Мен кандай буйрук берсем ошону гана аткарып жүрдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.
Журналист мамлекет башчыга коомчулукта Арзыбек Бурканов кадрдык саясатка түздөн-түз кийлигишип, көп маселени чечип койгон киши катары сыпатталып жатканын айтып, мунун канчалык чындыгы бар экенин сурады.
“Бул ушакчылардын эле сөзү. Арзыбек Бурканов бир дагы кадрды мага алып келген жок. Мен кандай буйрук берсем ошону гана аткарып жүрдү. Мен мурункулардай болуп бир адамдын жетегинде кетип калбайм. Мен муну акыркы жолу бардыгына айтып коёюн. Иш жүзүндө дагы көрсөтөм. Эгер бирөө кадр жибере турган болсо, анын артын текшериш үчүн УКМКга же ИИМге жөнөтөм. Ал жактан деле кээ бирөөлөр таза деп келет. Бирок кызматка койсоң эле тааныштары, кошуна-колоңдору мындай иштери бар деп бир нерсеси чыгып калып жатпайбы”, — деди Жапаров.
Мамлекет башчы жаш кадрлар боюнча дагы пикирин билдирген.
Ал ошондой эле кайсы аткаминер эмне менен шугулданып жатканы ага бир саатта эле жетип каларын, Кыргызстанда бир нерсени жашыруу мүмкүн эместигин кошумчалады.