Үч ай мурун Жапаров дайындаган. Матраимовду бошоткон судья тууралуу фактылар

© Фото / пресс-служба Верховного суда КРБиринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева
Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Өлкөдөгү резонанстуу окуяга чекит койгон судья мындан үч ай мурун нотариус болуп иштечү. 1,5 жыл чуркап жүрүп кызматка келгенден кийин ал коррупционер бажычы менен салыкчыга окшош өкүм чыгарып отурат.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Райым Матраимовду бажыдагы коррупцияга күнөөлүү деп таап, бирок 260 миң сом айып салуу менен чектелди. Муну менен анын сыртка чыкпоо боюнча бөгөт чарасы күчүн жоготуп, толугу менен эркиндикке чыкты. Ошондой эле Матраимовго жана жакын туугандарына таандык мал-мүлктү камактан чыгарып берди.
Буга Матраимов прокурор жана УКМКнын тергөөчүсү менен кызматташтык жөнүндө макулдашып, мамлекетке 2 миллиард сом төлөп бергени негиз болду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Райым Матраимовго өкүм чыгарган судья Гүлзат Дыйканбаева тууралуу ачык булактардан маалыматтарды чогултту.

Алты баланын энеси

Дыйканбаева Гүлзат Ыдырысовна 1977-жылы 19-ноябрда Ош шаарында туулган. Судьялыкка талапкерлиги каралып жаткандагы маектешүүдө алты баласы бар экенин айткан.

Садыр Жапаров дайындаган судья

Гүлзат Дыйканбаева судьялык кызматка мындан үч ай мурун эле киришкен. Тагыраак айтканда, өткөн жылдын 11-ноябрында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аны 5 жылдык мөөнөткө дайындаган.
Баса, ошол учурда Жапаров Сотторду тандоо кеңеши жергиликтүү соттордун судьялыгына сунуштаган 22 талапкердин жарымын гана дайындоого макулдук берген.
Андан соң 16-ноябрда Дыйканбаева Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын алдында ант берип кызматка киришкен.

Мурда нотариус болуп иштеген

Дыйканбаева эмгек жолунда адамдардын тагдырын чечкен судья катары биринчи жолу иштеп жатканын белгилей кетүү керек. Мурда ал Бишкектин Ленин райондук мамлекеттик нотариалдык конторасында нотариус болуп эмгектенип жүргөн. Анын юридикалык тажрыйбасы 16 жыл экени айтылат.

Эки жолку аракетинен майнап чыкпай, үчүнчүсүндө жолу ачылды

Сотторду тандоо кеңешинин сайтындагы маалыматка ылайык, Гүлзат Дыйканбаева Биринчи май райондук сотуна судья болууга алгач 2019-жылы май айында аракет кылган. Бирок анда жолу болгон эмес. Маектешүүгө келгенде 45,89 гана упай алып, жети талапкердин ичинен алтынчы орунган илинген.
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2021
Райым Матраимовдун өкүл баласы канча акча төлөп үй камагына чыкканы айтылды
Андан соң ошол эле жылдын декабрында Ленин райондук сотуна барууга ниеттенген. Судьялыкка талапкер катары анкетасын жиберип, анда да конкурстан өтпөй калган. Маектешүүнүн жыйынтыгында ал 46,001 упай менен беш талапкердин ичинен үчүнчү орунду камсыздаган.
2020-жылдын июнь айында үчүнчү аракетин жасап көргөн. Атап айтканда, Биринчи май райондук сотунда судьянын орду бошогондо Дыйканбаева кайра арыз жиберген. Маектешүүнүн жыйынтыгында 50,557 упай менен төрт талапкердин биринчи сабына чыккан. Ошентип көздөгөн кызмат ордуна акыры жетип отурат.
© Фото / пресс-служба Верховного суда КРГүлзат Дыйканбаева судьялыкка тандалып жатканда маектешүүдөн 50,557 упай алып, төрт талапкердин биринчи сабына чыккан
Судья Первомайского районного суда Гульзат Дыйканбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гүлзат Дыйканбаева судьялыкка тандалып жатканда маектешүүдөн 50,557 упай алып, төрт талапкердин биринчи сабына чыккан

Буга чейин да коррупционерди 260 миң сом менен бошоткон

Сот өкүмдөрүн жарыялаган act.sot.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Гүлзат Дыйканбаева кызматка киришкенден бери Матраимовду кошкондо эки коррупционерге өкүм чыгарган. Кызыгы, экөөнө тең берилген жаза окшош болууда.
2020-жылдын башында 25 миң доллар талап кылууга айыпталып кармалган Бишкек шаарындагы Райондук салык башкармалыгынын жетекчисинин ишин караган.
Сотто аныкталган маалыматка ылайык, салыкчылар борбор калаадагы компаниялардын биринин жетекчисин "тыкыр текшерип 5 миллион сом салык төлөтөбүз" деп коркутуп, пара берүүгө мажбурлаган. Натыйжада жең ичинен сүйлөшүлүп 25 миң доллар бермек болгон. Макулдашылган паранын 5000 долларын алып, кол алдындагы эки кызматкери менен бөлүшүп алгандан кийин кармалган.
Экс-муфтий Максат ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Улакчы, балчы жана чуулуу окуялары. Максат ажы Токтомушев тууралуу 9 факты
Сотко чейинки өндүрүш убагында Райондук салык башкармалыгынын жетекчиси тергөөчүлөр менен кызматташуу жөнүндө макулдашып, күнөөсүн мойнуна алган.
Айыпталуучу соттук териштирүүнү токтотуп, күнөөсүн мойнуна алганына ылайык жаза берүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоочу да 300 миң сом айып салуу менен чектелүүнү жана 5000 долларды мамлекетке өткөрүүнү сунуштаган. Бирок пара берген компаниянын жетекчилиги акчасын кайтарууну сураган.
Натыйжада судья Гүлзат Дыйканбаева Райондук салык башкармалыгынын жетекчисин күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Ал эми акчаны компания жетекчисине кайтарып берүүгө милдеттендирген. Салыкчынын мындан кийин мамлекетте иштешине тыюу салган да эмес.
Дыйканбаева учурда дагы Жазык кодексинин 319-беренеси, башкача айтканда, коррупция боюнча үч ишти карап жатат.
Белгилей кетсек, act.sot.kg сайтына Дыйканбаеванын 2020-жылдын 31-декабырына чейинки иштери гана жарыяланган, андан кийинкиси жүктөлө элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0