Садыр Жапаров кесиптеши Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады

© AFP / NICOLAS ASFOURIКытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Жапаров соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ынак коңшулуктун, достуктун негизинде мамилени бекемдөө үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын белгилеген.
БИШКЕК, 12-фев. – Sputnik. Кыргызстан мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана жигердүү кызматташтык жогорку деңгээлге жеткендигин белгилеген.
"Өткөн жылы дүйнө жүзү глобалдуу чакырыкка — коронавирус пандемиясына туш болуп, сиздин акылман жетекчилигиңиз менен Кытай өзүнүн аймагында эпидемиянын жайылышын ийгиликтүү токтотуп, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө баа жеткис салым кошууда. Биздин өлкөлөр COVID-19 пандемиясынын бардык терс кесепеттерин биргеликте ийгиликтүү жеңип чыгат деп ишенем. Өз кезегинде кыргыз тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ынак коңшулуктун, достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын белгилейм", — деп айтылат куттуктоодо.
Садыр Жапаров Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгилик, ал эми дос мамиледеги Кытай элине тынчтык жана өнүгүүнү каалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0