Кызматка келе элек жатып кеткендер. Мэр, спикер, директор...

© AFP / JOEL SAGETКиши галстук байлап жатат. Архив
Киши галстук байлап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
9-февралда Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалып, коомчулуктун терс пикирлеринен кийин бүгүн кызматтан алынды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Нургазиевге окшоп келип-келбей жатып кызматынан кол жуугандарды тизмектеди.
2020-жылы 5-6-октябрдагы окуядан кийин кызматка кимдер гана келип кеткен жок. Айрымдары өзүн-өзү билип ар кайсы министрликти басып алса, кээ бири креслодо бир күн отуруп эле кетип жатты. Бирок макалада алар тууралуу сөз кылбайбыз. Атайын, мыйзамдуу жол менен дайындалып, бирок аз эле убакытта кайра мыйзамдуу жол менен кызматтан алынгандар тууралуу кеп болот.

Төрт күн спикер болгон Мыктыбек Абдылдаев

© Sputnik / Табылды КадырбековМыктыбек Абдылдаев
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мыктыбек Абдылдаев
Парламенттик шайлоонун аягы башаламандык менен бүткөндөн кийин өлкөдө хаос башталды. Ак үй өрттөнүп, президенттин кайда экени белгисиз болуп турган учурда өкмөт башчы, спикерлер да арыздарын жазып кызматынан кете баштаган.
Дастан Жумабеков кызматтан кетүү тууралуу арызын жазгандан кийин анын ордуна төрага шайлоо керек эле.
6-октябрь күнү "Достук" мейманканасында парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, 62 эл өкүлү "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлаган. Бирок бул орунда Абдылдаев көпкө отурган жок. Төрт күндөн кийин, тагыраагы, 10-октябрда, отставкага кеткен.

20 күн ЖКны башкарган Канат Исаев

Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Канат Исаев
13-октябрь күнү Жогорку Кеңештин башына "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев келди. Ал кезде бийлик дагы эле олку-солку болуп турган. Исаев ЖКга төрага болгондон кийин ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып берген. Мыйзам боюнча, мамлекет башчынын милдети Исаевге жүктөлмөк, бирок ал бул кызматтан баш тартып, президенттин милдетин ошо учурда өкмөт башчы болгон Садыр Жапаров аткарып калган. 4-ноябрь күнү Канат Исаев төрагалык кызматтан кетип жатканын айтып, президенттик шайлоого катышарын билдирген.

Мэрияга эки күнгө келген Нариман Түлеев

© Sputnik / Табылды КадырбековНариман Түлеев
Пресс-конференция мэра Бишкека Азиза Суракматова и Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нариман Түлеев
Өлкөдө абал олку-солку болуп турганда дээрлик бардык кызматтардын жетекчилери алмашты. Анын ичинде Бишкек мэриясы дагы бар. Ошол убактагы Азиз Суракматов иштен кетүү боюнча арызын жазып, 20-октябрь күнү мэрдин милдетин Нариман Түлеев аткара турганы айтылды.
Түлеев ага чейин биринчи вице-мэр болуп дайындалган, Суракматов кеткен соң дароо мэрдин милдетин аткарып калган. Бирок айрым адамдар анын бул кызматка келишин каалабай митингге чыгып туруп алышкан. Ошентип эки күнгө жетпей, Түлеев да кызматтан кеткен.
Эске салсак, Түлеев Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда, 2008-2010-жылдары, шаарды башкарган.

11 күн ЭлТРди жетектеген Шаиста Шатманова

Назначенная генеральным директором государственной телерадиокомпании ЭлТР Шайиста Шатманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шаиста Шатманова
Кызматка келе элек жатып кеткендердин арасында журналист Шаиста Шатманова дагы бар. Ал 19-октябрь күнү ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорлугуна дайындалган. Тиешелүү буйрукка ошол учурдагы премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Бирок ЭлТРдин жамааты жаңы жетекчини кабыл албай, күндө нааразычылык акцияларына чыгып жатып, туура 11 күндөн кийин Шатманова кызматтан бошотулган. Журналист ага чейин "Супер-Инфо" гезитинде жана "Социал-демократтар" партиясында иштеп, аталган партия менен парламенттик шайлоого да катышкан.

Жамаат кабыл албай койгон Самара Каримова

2021-жылдын башында ырчы Самара Каримованын орду коомчулуктун кызуу талкуусунда болду. КРдин эмгек сиңирген артисти Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жараткан. 18-январь күнү кечинде Каримова директордун кабинетинин эшигин буздуруп кирип, жетекчинин креслосуна отурган. Бирок окуу жайдагы эмгек жолу көпкө созулган жок.
Негизи ырчы музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган болчу. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген. Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип утуп алганы быйыл 13-январда маалым болгон. Бирок Маданият министрлиги райсоттун чечимине каршы даттанып, шаардык сотко кайрылган.
Ошентип бул ирет да музыкалык окуу жайды башкаруу ага буйрубай, тогуз күндөн кийин Каримова бул кызматтан баш тарткан.

Бир күнгө жетпей жумуштан кеткен Эрмек Нургазиев

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрмек Нургазиев
Пресс-конференция нового исполняющего обязанности мэра Бишкека Эрмека Нургазиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эрмек Нургазиев
Мэрдин кызматы кайрадан талашка түштү. 8-февраль күнү мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин иштен кетери маалым болду. Эртеси анын ордуна Эрмек Нургазиев келип, өкмөттүн өкүлү аны жамаатка тааныштырып, маалымат жыйын өткөрүп жетишкен. Бирок социалдык тармакта Нургазиевдин алешем иштери боюнча сындар айтылып, кийинчерээк өлкө башчы да ал тууралуу оюн жазып, мэрликке коюу мүмкүн эмес экенин айткан. Бир күн мэрдин милдетин аткарып калган Нургазиевдин ордуна бүгүн премьер-министрдин чечими менен Бактыбек Кудайбергенов келди.
Жаңылыктар түрмөгү
0