Мэрдин милдетин Бактыбек Кудайбергенов аткарып турмай болду

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэринин милдетин аткарып алуучу Бактыбек Кудайбергенов
Бишкек мэринин милдетин аткарып алуучу Бактыбек Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Буга чейинки жетекчи Балбак Түлөбаев кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келген. Бирок шаар башчынын милдетин аткаруучу адамга бир топ сын айтылган.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин Бактыбек Кудайбергенов аткарып турмай болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгону айтылат. Өкмөт башчы дагы бир чечими менен кечээ, 9-февралда, аталган кызматка Эрмек Нургазиевди дайындоо боюнча буйругу жокко чыгарылды.
9-февраль күнү Балбак Түлөбаев кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келген. Бирок коомчулуктун сынынан кийин президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, Нургазиевдин айрым алешем аракеттеринин бети ачылган.
Бакытбек Кудайбергенов быйыл 59 жашка чыгат. 2015-2017-жылдар аралыгында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0