"Өкмөт" деген сөз жок. Министрлер кабинети референдумдан кийин кантип иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөт үйүнүн имараты. Архив
Өкмөт үйүнүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Президентке өз демилгеси менен Министрлер кабинетинин курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укук берилип жатат.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоорунда өкмөттү да президент башкара турганы жазылат. Президенттин администрация башчысы бир эле учурда министрлер кабинетинин төрагасы кызматын айкалыштырып иштейт.
Баса, Баш мыйзамдан "өкмөт", "премьер-министр" деген сөздү кезиктирүү мүмкүн эмес, ал "Министрлер кабинетинин төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылган. Буга чейин парламентке баш ийген өкмөт эми президенттин алдында жооптуу болууда.
Өкмөт тууралуу мыйзамдын негизги учурлары жана өзгөрүүлөр:
  • Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин президент ишке ашырат (буга чейин премьер-министр);
  • Министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын президент аныктайт (мурда 60тан ашуун мандат алган фракция же көпчүлүк коалиция премьер-министрликке талапкер көрсөтчү. Ал өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизип келген):
  • Бир эле адам министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация башчысы кызматын айкалыштырып иштейт (мурда премьер-министрдин президенттик аппаратка тиешеси жок болгон);
  • Президент аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жетектейт, Министрлер кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматынан убактылуу четтетет;
  • Президент Министрлер кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат;
  • Президент Министрлер кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет;
  • Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчётко Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деген баа берилсе, президент Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт (буга чейин мындай учурда өкмөт толугу менен отставкага кеткен);
  • Министрлер кабинети төрагадан, төраганын орун басарларынан жана башка мүчөлөрүнөн турат. Алар Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат;
  • Төрага Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгү үчүн президенттин алдында жооптуу (буга чейин ЖКга жооптуу болгон);
  • Президент өз демилгеси менен Министрлер кабинетинин курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу (муну ЖК депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси жалпы жыйында каралчу);
  • Төраганын кызматтан кетүүсү жалпы Министрлер кабинетинин отставкасына алып келбейт (мурда баары отставкага кетчү);
  • Президент кызматка киришери менен Министрлер кабинетинин бардык курамынын ыйгарым укуктарын токтотот. (мурда бул нормага парламенттин жаңы чакырылышы келгенде аткарылчу)
Жаңылыктар түрмөгү
0