Мандатын алып коёт. Жаңы Конституцияда ЖК депутаттарынын укугу кандай өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Сунушталган Баш мыйзамда парламентарийлер өкмөттү түзүп, жыл сайын отчёт кабыл алуу укугунан ажырады.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Президенттик башкарууга ыктаган жаңы Конституциянын долбоорунда Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ өзгөргөн.
Сунушталган Баш мыйзамда парламентарийлер өкмөттү түзүп, жыл сайын отчётун кабыл алуу укугунан ажырады. Кандай жол менен жасалары белгисиз, бирок ЖК депутатынын мандатын артка кайтарып алуу нормасы киргизилген. Баса, 21 жаштагы жигиттер эми депутат боло албайт.
  • Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат (азыр 120 депутат, бир партияга 65тен көп мандат берилбейт);
  • 25 жашка толгон жана Кыргызстандын жараны ЖК депутаты болуп шайлана алат (буга чейин 21 жаш эле);
  • Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алышат (коалиция түзүү тууралуу сөз жок);
  • Жогорку Кеңештин депутатын мандатынан ажыратуу конституциялык мыйзамда каралган тартипте ишке ашат (буга чейин мындай норма болгон эмес);
  • Бир сессиянын аралыгында депутат Жогорку Кеңештин жыйындарына себепсиз 10 күн келбей койсо мандатынан ажыратылат (мурда 30 күн болчу);
  • Парламент Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет (өкмөттүн программасын, курамын бекитет, жылдык отчётун жактырат же четке кагат деген норма алып салынган);
  • Президенттик шайлоону дайындайт, референдум өткөрүү боюнча президентке сунуш киргизет (мурда референдум дайындоо мыйзамы ЖК тарабынан эле кабыл алынган);
  • Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш түзүү сунушталды, анын курамын ЖК депутаттары бекитет;
  • Жогорку соттун, Конституциялык соттун (мурдагы Конституциялык палата) судьяларын жана төрагаларын, башкы прокурорду, Улуттук банктын төрагасын, БШКнын төрагасын, Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн, Акыйкатчыны жана орун басарларын шайлоо жана кызматтан бошотуу укуктары өзгөртүлгөн эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0