Жаңы Конституцияда президент канчалык күчтөнөт? Негизги укуктары

© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргыз Республикасынын желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Эгер жаңы долбоор референдумда колдоо тапса президент министрлер кабинетинин башында туруп, облус жетекчилерин да кызматка дайындайт.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоорунда Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктары тууралуу I главада 10 берене жазылган. Тагыраак айтканда, 66-беренеден 75-беренеге чейин өлкө башчысына арналган.
Sputnik Кыргызстан мамлекет башчыга бериле турган укуктардын негизги учурларын тизмектеди:
  • Президент — мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана аткаруу бийлигин жетектейт;
  • Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки жолудан ашык шайлана албайт (мурда бир жылдык мөөнөт менен 6 жылга шайланчу);
  • 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган КР жараны мамлекет башчы боло алат (70 жашка чейинки курактагы адам президент боло алат деген норма алып салынды);
  • Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Мамлекетти өнүктүрүү боюнча программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун макулдук кол тамгасын топтогон адам талапкер катары катталат;
  • Президент министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт (мурда "өкмөт" деп аталган);
  • Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт (Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын жана программасын бекитет деген норма жок);
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка мүчөлөрүнүн отставкага кетүү өтүнүчүн жана аларды жумуштан бошотуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
  • Өзүнүн демилгеси, Жогорку Кенештин же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен, мыйзам чегинде Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотот;
  • Аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт, кызматынан бошотот (мурда мындай укук премьер-министрде болчу);
  • Президенттин администрациясын түзөт (азыркы өкмөт менен президенттик аппарат бириктирилди);
  • Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт;
  • Мамлекеттик катчыны кызматка дайындайт жана бошотот (бул кызмат азыр жок);
  • Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындайт жана бошотот (бул кызмат азыр жок);
  • Президент өзүнүн демилгеси же кеминде 300 миң шайлоочунун же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
  • Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө дагы чечим кабыл алат;
  • Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт. Жергиликтүү кеңештерди таркатат, мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт;
  • Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет (буга чейин андай укугу жок эле);
  • Мыйзамдарга кол коёт жана элге жарыялайт. Мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;
  • Элге, Жогорку Кенешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасайт.
  • Жогорку Кеңешке жыл сайын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет (мындай норма жаңыдан киргизилип жатат);
  • Зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакырууга жана каралуучу маселелерди аныктоого укуктуу;
  • Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу;
  • Ал эми сотторду, башкы прокурорду, Эсеп палатасынын мүчөлөрүн, Улуттук банктын төрагасын кызматка дайындоо жаша бошотуу боюнча президенттин укуктары өзгөртүлгөн эмес;
  • Конституцияда каралган тартипте, өз арызы менен, оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат;
  • Президентти кызматтан кетирүү жол-жобосу дагы өзгөртүлгөн эмес. Ал мөөнөтүнөн мурда отставкага кетсе президенттин ыйгарым укуктарын ЖК төрагасы, анын мүмкүнчүлүгү болбосо Министрлер кабинетинин төрагасы аткарат;
  • Конституцияда белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0