Садыр Жапаров 17 судьяны дайындады. Тизме

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Президентке 18 талапкер сунушталган. Алардын 17си судьялык кызматка бекитилди. Ал эми бир талапкер боюнча материалдар Кеңешке кайтарылды.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 17 судьяны жергиликтүү сотторго дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин дарегине айрым райондук жана шаардык сотторго судьяларды дайындоо үчүн 18 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.
"Садыр Жапаров судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды Кеңешке кайтарды", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Ата райондук соту:
  • Акымбекова Айгерим Исламовна;
  • Тентиева Майрамкүл Касанахуновна;
  • Сокулук райондук соту:
  • Айбек Гулмамат уулу;
Кемин райондук соту:
  • Мурзаева Гульмира Мурзаевна;
  • Нарын шаардык соту:
  • Дюшебаева Чолпон Дюшебаевна;
Жалал-Абад облусунун административдик соту:
  • Хусанов Айбек Исманалиевич;
  • Багишев Данияр Мансурович;
Алай райондук соту:
  • Орозматов Уланбек Тынчылыкович;
Араван райондук соту:
  • Асаналиева Алтынай Аскарбековна;
  • Колопов Эдуард Сексенбаевич;
Кара-Кулжа райондук соту:
  • Бекташов Нурпаис Абилатович;
Кара-Суу райондук соту:
  • Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич;
Ош шаардык соту:
  • Токтосунов Тилек Калыкович;
  • Турсункулов Муктарбек Ыманкулович;

Бишкек шаары:

Октябрь райондук соту:
  • Саргалдаков Искандер Бекболотович;
  • Биринчи май райондук соту:
  • Есенкулова Салтанат Арстанбековна;
Ленин райондук соту:
  • Байышов Мирлан Байышович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0