Жээнбеков дайындаган Коопсуздук кеңешинин катчысынын 1-орун басары иштен кетти

© пресс-служба ГШ ВС КРКоопсуздук кеңешинин катчысынын мурунку биринчи орун басары Жаныбек Капаров. Архив
Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурунку биринчи орун басары Жаныбек Капаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Капаров бул кызматка өткөн жылдын 10-октябрында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Капаров отставкага кетүү боюнча өзү арыз жазган.
Капаров бул кызматка өткөн жылдын 10-октябрында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган. 2015-2016-жылдары Капаров Башкы штабды жетектеп турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0