Түлөбаев: жаңы келген мэрдин милдетин аткаруучуга ишенем

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Соцтармакта жаңы калаа башчынын дарегине бир топ сын айтылып, ири суммадагы акчага алдап кеткени туурасында жазышууда.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев анын ордуна келип жаткан Эрмек Нургазивге ишеним арта турганын билдирди.
Ал буга чейин Нургазиевди тааныбаганын, биринчи ирет көрүп жатканын белгиледи.
"Ал бизнесте жүрүптүр, биз ага жардам берип колдошубуз керек. Кызматты алып кетерине ишенем, башында баарыбыз ишеним көрсөтүшүбүз зарыл. Эми жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт", — деди Түлөбаев.
Белгилей кетсек, мэрдин милдетин аткарууга келген Эрмек Нургазиев былтыр күздөгү Жогорку Кеңештин шайлоосуна "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан. Мындан сырткары, соцтармакта аны шылуундукка айыптап жазышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0