Түлөбаевдин ордуна келген Нургазиев мэрия жамаатына тааныштырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясы. Архив
Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Бакиров Нургазиев боюнча маалымат берип жатып, анын эки жогорку билими бар экенин билдирди. Ал 1994-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
БИШКЕК, 9 фев — Sputnik. Бишкекте жаңы мэрдин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев бүгүн муниципалитеттин жамаатына тааныштырылды.
Өкмөттүн аппаратында уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакиров мэриянын жыйынында Нургазиев аталган кызматка өкмөт башчы Улукбек Мариповдун чечими менен убактылуу келгенин айтты.
Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды
Тагыраагы, ал бул орунда 11-апрелде Бишкек шаардык кеңештин шайлоосун өткөргөнгө чейин болот.
Ошол эле учурда ал Балбак Түлөбаев кызматтан кетип жатканын айтты.
Бакиров Нургазиев боюнча маалымат берип жатып, анын эки жогорку билими бар экенин билдирди. Ал 1994-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган. Андан соң Кыргыз улуттук университетинде "финансы жана кредит" адистигин, 2010-2011-жылдары КР президентине караштуу башкаруу академиясынын магистратурасын бүтүргөн.
"Ал көп жыл ишкерлик менен алектенип жеке ишкер болгон. Акыркы жумушу — "Эмма Строй" ишканасынын директору. Мындан сырткары, Нургазиев кайрымдуулук иштери менен алектенип, үлүшчүлөргө жардам берген. Ал тууралуу жакшы пикирлер көп. Жамаат ага колдоо көрсөтүшү керек. Тажрыйбалуу, шаарга пайда алып келет деп ишенебиз", — деди Бакиров.
Өкмөттүн өкүлү Нургазиев шаар коронавирус менен күрөштү улантууну токтотпошу керектигин белгилеген.
Эске салсак, Нургазиев 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон. Бирок өлкөдө шайлоодон кийин башаламандык болуп, бийлик алмашып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Балбак Түлөбаев шаарды 2020-жылдын октябрь айынан бери убактылуу башкарып келе жаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0