ЖК депутаты президенттин аппаратына бөлүм башчы болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба ЖКПрезиденттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Искендер Гайпкулов. Архив
Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Искендер Гайпкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Искендер Гайпкулов 2017-жылдан бери "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Искендер Гайпкулов президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Сооронбай Жээнбеков президент кезинде кызматка дайындалган мурдагы бөлүм башчы Данияр Иманалиев башка кызматка кеткендигине байланыштуу ордун бошоткон.
Гайпкулов 2017-жылдан бери "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0