Жапаров кабинетке анын эмес, Раззаков сыяктуу чыгаандардын сүрөтүн илүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандын мамлекет башчысы өлкө жарандарынын жашоо шартын мыкты деңгээлге көтөрүү үчүн азырынча бир дагы иш жасай электигин айткан.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди кабинетине анын эмес, чыгаан саясатчылардын сүрөтүн илип алууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Ал бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик структураларда иштегендер элдин биримдиги менен мамлекеттик бийликти элестеткен президенттин сүрөтүн кабинеттерине жана имараттарга илип келишкенин белгилеген.
"Президент Садыр Жапаров азырынча жарандардын жашоо шартын мыкты деңгээлге чыгарууга эч нерсе жасай элекмин деп эсептейт. Ошол себептен ал бардык мамлекеттик бийлик органдарына кабинеттерге жана административдик имараттарга анын сүрөтүн илбей эле коюуну сунуштады", — деди Байтерек.
Ошондой эле президент Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков сыяктуу мамлекеттин түптөлүшүнө чоң салымын кошкон чыгаан ишмерлердин сүрөтүн илүү максатка ылайык экенин кошумчалаган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0