Экономика оор абалда... Жапаров менен Марипов өлкөнү өнүктүрүүнү талкуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушу
Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Жапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин айтып, өкмөт антикризистик план түзүшү керектигине токтолгон. Марипов бул жаатта жумуштар жасалып жаткандыгын белгиледи.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда, президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда экономиканы калыбына келтирүү, коронавируска каршы күрөшүү жана өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары талкууланган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖолугушууда экономиканы калыбына келтирүү, коронавируска каршы күрөшүү жана өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары талкууланган
Жолугушууда экономиканы калыбына келтирүү, коронавируска каршы күрөшүү жана өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары талкууланган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жолугушууда экономиканы калыбына келтирүү, коронавируска каршы күрөшүү жана өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары талкууланган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, буга байланыштуу өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолгон
Жапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, буга байланыштуу өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолгон - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, буга байланыштуу өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолгон
1/3
Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту
2/3
Жолугушууда экономиканы калыбына келтирүү, коронавируска каршы күрөшүү жана өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары талкууланган
3/3
Жапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, буга байланыштуу өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолгон
Жапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, буга байланыштуу өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолгон.
"Мамлекет башчысы ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо, жеке сектор менен инвесторлорду колдоо жана коргоо маселесин жеке көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи. Алардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатууга, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө, бизнес менен өз ара аракеттешүүдө бюрократиялык жол-жоболорду мүмкүн болушунча азайтуу боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу зарылдыгына токтолгон", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Жапаров коронавируска каршы күрөштө каражаттардын максаттуу колдонулбагандыгы боюнча коомчулуктун тынчсыздануусун айтып, бул маселени жөнгө салууну белгилеген.
Улукбек Марипов учурда өкмөт президенттин алгачкы беш жарлыгында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана антикризистик чараларды тезинен кабыл алуу боюнча иштер жасалып жатканын айтып берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0