Жапаров экс-вице-премьер Равшанбек Сабировду кеңешчи кылып алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-вице-премьер Равшанбек Сабиров. Архив
Экс-вице-премьер Равшанбек Сабиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Равшанбек Сабиров буга чейин өкмөттө социалдык блокту көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр кызматын аркалап келген.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Экс-вице-премьер Равшанбек Сабиров президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров бүгүн кол койгон.
Равшанбек Сабиров буга чейин өкмөттө региондук өнүктүрүү, реалдуу сектор жана инфраструктура маселелерин тескеген вице-премьер-министр кызматын аркалап келген. Ал эми жаңы дайындалган өкмөт башчысы Улукбек Марипов түзгөн курамда аталган кызмат жоюлганы маалым. 
Жаңылыктар түрмөгү
0