Марипов Алматыдан РФ өкмөтүнүн башчысы Мишустин менен жолукту

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту
Премьер-министр Улукбек Марипов Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Казакстанда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтүп, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьерлери катышууда.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту.
Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча, премьерлер кыскача пикир алмашкан.
Казакстандын Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтүп, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьерлери катышууда.
"Марипов менен Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Мишустин Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктаган.
Эске салсак, Марипов 4-февраль күнү өкмөт башчы болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0