Зулушев кызматка келгенден бери мамлекетке канча акча кайтарганын айтты

© Фото / пресс-служба ЖКБашкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Үч айдын аралыгында 174 прокурордук акт түзүлүп, азыркы тапта мамлекетке 264 миллион 117 миң сом зыяндын орду толтурулган.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматка киришкенден кийин мамлекетке келтирилген 2 миллиард 99 миллион 172 миң сомдук зыянды аныктаганын билдирди.
Аталган иштер боюнча 174 прокурордук акт түзүлүп, азыркы тапта мамлекетке 264 миллион 117 миң сом зыяндын орду толтурулган.
"Бул боюнча бир топ жооптуу адамдар камалды. Өзүңүздөргө маалым, бир жуманын ичинде канча кызмат адамдары камалды. Тергөөнүн купуялуулугун сакташыбыз керек, ошондуктан аттарын атабай жатам. Себеби кылмыштарды өздөрү жалгыз жасаган эмес, миллиондорду мамлекеттен уурдоодо бир нече кызмат адамдары катышкан. Алардын баары четинен аныкталып, камалат", — деди Зулушев.
Ошондой эле ал кылмыш иштерин прокуратура аныктап таап, тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Курманкул Зулушев өткөн жылдын октябрында башкы прокурор болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0