Сот Атамбаевди 7-апрелге чейин камакта калтырды

© AP Photo / Vladimir VoroninМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Адвокаттар мурдагы президентти ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну суранышкан. Бирок райондук сот адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелге чейин камакта болот. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Судья ошондой эле Жазык-процесстик кодексинин негизинде сот жараянынын мөөнөтүн узарткан.
Адвокаттар мурдагы президенттин абалы начар экенин айтып, үй камагына чыгарууну суранышкан. Бирок райондук сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Өлкөдөн чыгып кеткен Сооронбай Жээнбеков бүгүн сотко чакырылды
Мурдагы өлкө башчы 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган.
Атамбаев Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып 11 жыл эки айга кесилген. Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна жиберген. Январдын башында Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун баш коргоо чарасы боюнча чечимин карап, аны күчүндө калтырган (камакта калтыруу).
Атамбаев башка кылмыш иштери боюнча дагы айыпталып жатат, сот иштин баарын бир өндүрүшкө бириктирүү чечимин чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0