Бекешев: эмнеге УКМК үчүн 581 млн. сомго үй курулат да, жетимдерге акча жок

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат Дастан Бекешев. Архив
 Депутат Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
УКМК өз кызматкерлерине тогуз кабаттан турган алты турак жай курууга 580 миллион 935 миң сомдук тендер жарыялаган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чекисттерге кайра-кайра үй кура бербей, турак жайды жетим балдарга салып берүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, УКМК өз кызматкерлерине тогуз кабаттан турган алты турак жай курууга 580 миллион 935 миң сомдук тендер жарыялаган. Депутат муну алдилетсиз деп эсептейт.
"Ооба, УКМК кызматкерлерине үй керек, маяналары аз. Бирок эмнеге ким күчтүү болсо, баарын ала бериш керек. Мага жетим балдар көп кайрылат, аларга "акча жок" деп жооп бериштен уялып калдым. Эмнеге башкаларга акча табылат да, буларга жок. Жетимдерге деле жок дегенде тогуз кабаттуу эки-үч үй куруп бергилечи. Алар тууралуу дагы ойлонуп койгулачы, сураныч. Эми акча жок десек алдаган болобуз", — деди Бекешев.
Ошондой эле ал президент дагы бул маселеге көңүл буруп, объективдүү карайт деп ишеним артты.
Жаңылыктар түрмөгү
0