Кыйкырып кетип калбай, угуңуздар! Президенттин ЖКдагы өкүлү депутаттарды какты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПрезиденттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов. Архив
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Вице-спикер комментарий бербей, жөн гана жооп берүүгө чакырды. Бирок мындай эскертүү менен президенттин өкүлүн токтото алган жок.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов депутаттардын соттук иштерге аралашып жатканын сынга алды.
Бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлдөрү ар кандай маселелерди көтөргөн.
"Азыр үч депутат мага кайрылып, бирок аягына чейин отурбай чыгып кетип калышты. Президенттин, өкмөттүн өкүлүнө кайрылгандан кийин биздин позицияны дагы угуш керек эле да. Кыйкырып коюп эле кете берген болобу? Болбойт да... Биз деле депутат болгонбуз, кайрылдыкпы, демек күтүп, жообун угушубуз керек. Ирина Юрьевна (Карамушкина — ред.) азыркы бийлик, УКМК басым кылып жатканын айтууда. Ким, кандай басым кылганын түшүнбөдүм. Абдил Сегизбаев мыйзамсыз камалды дейт, бир дагы документти көрбөй туруп мыйзамсыз болгонун юрист катары мен дагы айта албайм. Кечээ Камчыбек Кыдыршаевич бардык процессуалдык чечимдер мыйзамдын негизинде чыгып жатканын айтканын уктуңуздар. Кимди кааласа, кармап кетет деген болбойт", — деди Калматов.
Ошол учурда вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев комментарий бербей, жөн гана жооп берүүгө чакырды. Бирок мындай эскертүү менен президенттин өкүлүн токтото алган жок.
Жээнчороев: президенттердин башын жуткан кошоматчыларды люстрациялаш керек. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жээнчороев: президенттердин башын жуткан кошоматчыларды люстрациялаш керек. Видео
"Сиз антип бузбаңыз мени, мага кайрылгандан кийин жооп беришим керек. Дастан Бекешев "Курсан Асановду үй камагына чыгарып койгула" деп жатат. Бул жерде отуруп алып, силер деле, мен деле сотко, укук коргоо органдарына тапшырма бергенге акыбыз жок. Ирина Юрьевна дагы Фарид Ниязов эмнеге үй камагына чыкпаганын айтат. Демек, алар мыйзамдуу түрдө отурат ал жакта", — деди Калматов.
Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров инаугурациясынан кийин аппарат кызматкерлерин чогултуп, кечээ өкмөт мүчөлөрү менен жолугуп, баарын таза, так, жогорку жоопкерчилик менен иштөөгө чакырганын кошумчалады. Аны менен катар мамлекет башчы эгер кимде-ким мыйзам бузса түрмөгө жөнөтө турганын так кесе айтканын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0