Ташиев жаңы өкмөт мүчөлөрү жаза басса люстрация кыларын убадалады

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Депутат жаңы өкмөттүн курамындагылардын арасында люстрацияга илине тургандар болушу мүмкүн деп шек санады.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт башчыга талапкер Улукбек Мариповго кайрылып, командасын люстрация кылууга чакырды.
Ал жаңы өкмөттүн курамындагылардын арасында люстрацияга илине тургандар болушу мүмкүн деп шек санады.
"Сыртта митинг кылып жатышат. Алар люстрация кылууну талап кылышууда. Элдин көксөөсүн кандырып дайындасаңыздар. Саясий кызматтарга люстрациядан өткөрүп анан койгулачы. Бир нече чабал звено араңарда отурат", — деди Бокоев.
Андан соң УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөт мүчөлүгүнө сунушталып жаткан талапкерлердин арасында люстрация кыла турган, коррупцияга шектелген адамдар болсо аты-жөнүн ачык айтууну сунуштады. Эгер ошондой адамдарды көрсөтүп бере алса юридикалык жол менен люстрация кылып коюну убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0