Марипов: кызматтан кетип жаткан Токтогазиевдин тажрыйбасын колдонобуз

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Депутат мал жандыктарын чет өлкөгө сатууга тыюу салынышы боюнча жаңы келип жаткан өкмөттүн пикири кандай экенин сурады.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кызматтан кетип жаткан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин тажрыйбасы колдонулат. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Парламенттин жыйынында депутат Азамат Арапбаев аталган министрдин мал жандыктарын экспорттоого тыюу салышы боюнча пикирин сурады.
"Министр мырза боюнча менин оюм жакшы. Анын тажрыйбасы колдонулат. Жасаган иши туралуу эки жактуу караш керек, экспортту тыюу менен фермерлерге малдын баасы түштү, шаардыктар үчүн эттин баасы арзандады. Кайсы жагы оор болсо ошого карап чечишибиз керек", — деди Марипов.
Бул жоопко ынанбаган депутат элдин 65 пайызы айылда жашарын, негизги кирешеси мал экенин белгиледи.
Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
878 баш бодо… Салык кызматы мыйзамсыз мал ташыгандарга бөгөт койду
"29 жаштагы айыл чарбаны түшүнбөгөн адамдын оюу менен бөгөт койгонуңар туура эмес. Туура, шаардыктар эт кымбаттап кетти деп жатышат. Өкмөттүн бюджетинен 50-100 миллион сом бөлүп ошону дотация кылып койсо болмок", — деди Арапбаев.
Өкмөт башчылыкка талапкер бул маселени жаңы келген министр карап чыгып, сунуш берерин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0