Сооронбай Жээнбековго каршы жазылган арыз УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы президент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Жабырлануучулар 5-октябрда митингчилерге карата курал колдонуу боюнча буйрукту Жээнбеков жеке өзү берген деп эсептешүүдө.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Былтыр 5-6 октябрдагы окуяларда жабыркагандардын мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго каршы арызы 1-февралда УКМК менен ИИМдин Тергөө кызматына жиберилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Арыз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги буга чейин 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү нааразычылык акциясына чыккандарды таркатуу учурунда атайын каражаттарды колдонуу боюнча кылмыш иштерди козгогону үчүн жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен укук коргоо органдары кайрылгандарга жооп кайтарат.
Январдын этегинде Башкы прокуратурага ошол окуяларда жабыркагандар кайрылып, экс-президентти жоопко тартууну талап кылышкан.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
Сотко барууга милдеттүү эмес. Жээнбековдун адвокаты билдирүү таратты
Арыз жазгандардын айтымында, 5-октябрдагы "Ала-Тоо" аянтындагы митинг тынчтык мүнөздө өтүп жаткан, бирок күч түзүмдөрү бийликтин буйругу менен демонстранттарга атайын каражаттарды колдонуп баштаганы айтылууда. Көп киши жаракат алып, 19 жаштагы Үмүт Алтынбек уулу көз жумганын белгилешкен.
Жабыркагандар курал колдонууга Жээнбеков буйрук бергенин, бул үчүн жазасын алып, экс-президент макамынан ажыратылышы керектигин айтып чыгышкан.
Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, Ак үйдүн имаратын басып алып, өлкөдө бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков октябрдын ортосунда отставкага кетип, жаңы президент Садыр Жапаров кызматына расмий түрдө 28-январда киришти.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
Экс-президент Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды
Башкы прокуратурага буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы депутат Асылбек Жээнбековго каршы арыз менен кайрылган. Ал Жээнбековдорду 2010-жылы бир нече кылмыштарды жасаган деп айыптап, алардын аракетине юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Анын катарында митингге чыккан элди кубалап таратуу буйругунан кийин октябрь окуясына жол бергендиги үчүн экс-президенттин жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо өтүнүчү да болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0