Президенттин маалымат кызматына жаңы жетекчи дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп жаңы дайындалган Нуркамал Асканова. Архив
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп жаңы дайындалган Нуркамал Асканова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Нургазы Анаркулов пара талап кылды делип кармалганы үчүн бүгүн кызматтан бошотулган.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Нуркамал Асканова 25 жылдан ашык КТРКда иштеген. Дайынсыз жоголгондорго издөө салып, таап берген "Кайдасын?" берүүсүнүн автору жана алып баруучусу болчу.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Нургазы Анаркулов ири өлчөмдө пара талап кылды делип кармалганы үчүн бүгүн кызматтан бошотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0