Жумушсуздук, миграция... Президент абалды кантип жакшыртканы жатат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЭл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Эл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясынын экономикалык кризистери эмгек мигранттарынын абалына терс таасирин тийгизгени, аны жөнгө салуу иштелип жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеде учурда Кыргызстандын көпчүлүк жарандары мамлекеттин чегинен тышкары убактылуу эмгектенүүгө аргасыз болуп, коронавирус пандемиясынын айынан келип чыккан экономикалык кризис эмгек мигранттарынын абалына терс таасирин тийгизип жатканы белгиленет.
2020-жылдын мартынан тарта мигранттардын Кыргызстанга кайтышы жумушсуздуктун өсүшүнө алып келип, буга байланыштуу миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында атайын жарлыкка кол коюлганы айтылды.
Жарлыкта "Эмгек мигранттарын барган өлкөлөрдө ар тараптан колдоо, ошондой эле өлкөдө мигранттардын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо биринчи кезектеги милдет деп аныкталсын" деп жазылган.
Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталган:
  • чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын абалын жакшыртуу үчүн заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен маалыматтык-консультациялык иш-чараларды туруктуу негизде ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү;
  • КРдин миграциялык саясатынын концепциясынын долбоорун оперативдүү тартипте иштеп чыгуу жана кароого киргизүү;
  • жумуш орундарын түзүү үчүн өзгөчө салык режимин белгилеп, калкынын миграцияга кетүүсү кыйла жогорку деңгээлде болгон өлкө региондорунда жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду артыкчылыктуу тартипте ишке ашыруу;
  • эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө улуттук экономикага инвестиция салуусуна дем берүү боюнча программаны (инструменттерди) 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
  • демографиялык кырдаалдын өнүгүүсүн эске алып, эмгек мигранттары барган өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнүн сценарийлерине жараша эмгектин ички жана тышкы рынокторунда орто мөөнөттүү мезгилде жарандардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
  • виза тариздебестен Кыргызстанга эркин кирүүдө жана чыгууда, жашоодо жана эмгектенүүдө, ишке уруксат алууда, ошондой эле билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда чет элдик жарандыгы бар мекендешке КР жарандары менен бирдей укук берген Мекен-карт улуттук демилгесин ишке ашыруу боюнча мыйзамдык актыларды кабыл алууну аяктоо;
  • Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарынын адаптациялануусу жана реинтеграциялануусу боюнча чараларды көрүү;
  • ата-энеси эмгек миграциясында болгон балдарды эсепке алууну, кароону, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
  • мамлекеттик коргоонун кепилдиктери менен "эмгек мигранттарынын балдары" деген түшүнүктү мыйзамдык деңгээлде киргизүү;
  • эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелерге баланы (балдарды) бир туугандарынын же башка адамдардын камкордугуна калтыргандыгы тууралуу камкорчулук органдарына кабарлоого мүмкүндүк берген механизмди эмгек мигранттарынын балдары менен байланышкан кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн камкорчулук органдарынын платформаларын же санариптик технологияларды колдонуу менен иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
  • камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү аныктабастан жана бул жөнүндө камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарын кабарлабастан өз балдарын калтырып эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелердин жоопкерчилигин, ошондой эле алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн жоопкерчилигин аныктоо жана күчөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
Этникалык кыргыздардын, анын ичинде өлкө аймагында жүргөн, кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу үчүн төмөнкү адамдарга жөнөкөйлөтүлгөн тартипте КР жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Эгерде:
  • адамдын чет элдик паспортунун, СССРдин паспортунун, ошондой эле кайрылмандын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү аяктаса же аяктап жатса;
  • чет мамлекеттин аймагында төрөлгөн адам КРде 18 жашка толсо жана КРдин жарандыгын өз убагында албаса;
  • ата-энеси КРдин жарандыгын алганга чейин Кыргызстанда төрөлгөн адам өлкө аймагында 18 жашка толсо жана жарандыкты өз убагында албаса;
  • ага республика аймагында аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу болсо;
  • адамда чет мамлекеттин туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү чет мамлекеттин паспортун алгандыгы тууралуу белгиси менен бар болсо, бирок өтүнүч берген учурда анда чет мамлекеттин паспорту жана аны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жок болсо;
  • адамдын чет мамлекеттин туулгандыгы/никеси жөнүндө күбөлүгүндөгү, паспортундагы жеке маалыматтарды жазууда тамгалардан айырмачылыктар бар болсо;
  • чет мамлекеттин туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүндө же паспортунда улуту деген графа жок болуп, этностук таандыктыгы КРдин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен ырасталса;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0