Жапаров алгачкы жарлыктарынын бири менен КРдеги кадр саясатын өзгөрттү

Жазылуу
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29-январда биринчи жарлыктарына кол койду. Анда кадр саясаты тууралуу дагы айтылган.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин карьералык өсүүсү үчүн болушунча жакшы шарттарды камсыздоо үчүн "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров президент катары беш жарлыкка кол койду
Жарлык жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношууда бирдей шарт түзүп, бардык кызмат орундарына натыйжалуу кадрдык резервди топтоого мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтөт.
"Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын карьералык өсүүсү үчүн шарт түзүлөт", — деп айтылат документте.
Мындан тышкары, жарлык кадр маселелерин чечүүдө коррупция тобокелдигин төмөндөтүүгө жол ачат.
Документтеги негизги сунуштар:
  • мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муницпалдык кызматка калыс жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, дискриминацияга жол берилбестик, кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү, карьералык өсүү, иштөө үчүн татыктуу шарттарды түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыга эмгек акыны төлөөнүн татыктуу шарттарын белгилөө, социалдык дем берүүнү камсыз кылуу болуп саналат деп эсептелсин;
  • мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кадрларды тандоону жана коюуну талапкерлердин жалаң гана кесипкөй жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде жүргүзүү;
  • кадрларды тандоодо жыныстык, улуттук жана тилдик белгиси, ошондой эле майыптык белгиси боюнча чектөөлөргө жол бербөө;
  • адамдык потенциалга аяр мамиле жасоо, башкаруу органдарынын кесипкөй кадрдык курамын жолун жолдоочулукту улантуу жана келечеги бар жаштарды кызматка кабыл алуу менен сактоо;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадыр-баркын түшүрүп алган, мурда коррупциялык кылмыштарга аралашкан адамдарды дайындоого тыюу салуу;
  • калыстыкты, талапкерлерге карата тандоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү жана талаптарды жогорулатууну эске алып, кадрларды конкурстук тандоону өркүндөтүү;
  • туруктуу негизде кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
  • кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу.
  • мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана коомчулук менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды, бардык түрдөгү мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундарына жана муниципалдык кызмат орундарына дайындоодо кадрларды тандоонун жана карьералык көтөрүүнүн бирдей жол-жоболорунун эсебинен жарандардын тең укуктарынын кепилдиктерин аныктоочу Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик бүтүндүк стратегиясын иштеп чыксын;
  • мыйзамдар менен белгиленген кадрлар резервинде турган адамдарды жогору турган кызмат орундарына дайындоонун артыкчылыгын камсыз кылсын;
  • кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштеген системасын түзсүн;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкер адамдар үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар менен бирге мыйзамдар менен белгиленген кадрлар резервинин сандык курамын түзүүнү уюштурсун, кадрдык дайындоолордо резервдердин маалыматтарын пайдаланууга контролду уюштурсун.
Өкмөткө сунуштар:
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына, анын ичинде саясий кызмат орундарына, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда кызмат орундарына тандоо, жайгаштыруу жана көтөрүү принциптерин аныктаган мыйзам актыларынын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун тездетилген тартипте иштеп чыгуу;
  • талапкерлердин коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келишин катуу сактоо менен мыйзамдар менен белгиленген резервдерде турган кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын маселелери боюнча мамлекеттик органдар сунуш кылган жол-жоболор боюнча дайындоонун артыкчылыгын камсыз кылуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0