БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө жайгашат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Буга чейинки президенттер Жогорку Кеңештин имаратында, тагыраагы, Ак үйдө иштеп келишкен.
Эске салсак, бүгүн, 28-январда, жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп, азем түз эфирден көрсөтүлөрү күтүлүүдө.
Инаугурация аяктаган соң Садыр Жапаров иш бөлмөсүнө келери айтылды.