Конституциялык кеңешме: президенттик аппараттын жетекчиси өкмөт башчы болот

Жазылуу
Мамлекет башчы өзүнүн администрациясы менен бирге баарына жоопкерчилик алышы керек деген жүйө келтирилди.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбооруна ылайык, президенттик аппараттын жетекчиси Кыргызстандын өкмөт башчылыгын да аркалайт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жыйынында төрага Бекбосун Бөрүбашев билдирди.
Ал мамлекеттик бийликтин конструкциясын мүмкүн болушунча кайрадан куруп жатканын белгилейт.
"Президенттик аппараттын жетекчиси өкмөт башчы болот, башкача айтканда, бир адам эки кызматты аркалайт. Мунун эки себеби бар. Биринчиден, биз президенттик башкаруу формасына бара жатабыз, андыктан президент өзүнүн администрациясы менен чогуу жоопкерчилик алышы керек. Экинчиден, көптөгөн маселелер президенттик аппаратта чечилет. Ооба, буга чейин баарына министрлер кабинети жооп берип келген, ошондуктан 30га чукул өкмөт отставкага кетти. Биз бир тарабы бийлигин колдонуп, экинчи тарап жоопкерчилик алышын каалабайбыз", — деди Бөрүбашев.
Мамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандай укукка ээ болору белгисиз президент шайланабы? Саясий абалга сереп
Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн өткөн жылдын 20-ноябрында Конституциялык кеңешме түзүлгөн.
Ал эми 10-январда өткөн референдумда көпчүлүк эл президенттик башкаруу формасын тандаган. Өткөн аптада ЖКнын үч депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жөнөкөйлөштүрүп, тез аранын ичинде өткөрүп салууну демилгеледи. Алар мыйзам долбоорун коомдук талкуусуз эле үч окуудан тең бир күндө өткөрүүнү сунуштап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0